Баткенде өзгөчө макам берүү сунушталып жаткан айылдардын тизмеси кеңейтилди

  • 2 года мурун

Баткенде чек аралаш аймактардагы өзгөчө макам берүү пландалып жаткан айылдардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна президенттин Баткендеги чек аралаш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдирген.

Анын айтымында, тизмеге буга чейинки 62 айылдан тышкары 89 айылды киргизүү сунушталууда.

“Биз азыр Министрлер кабинетине сунуш катары 62 айылдан тышкары Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунан 89 айылдын тизмесин берип жатабыз», — деди Кошбаков

“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынганы буга чейин айтылган. Бул тизмеге айрым айылдар кирбей калганы жергиликтүүлөр арасында нааразылык жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты