Баткенде өзүн атып алган жоокер ооруканага жаткырылды

  • 2 года мурун

Баткен облусунда «Илбирс» атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Мекемеден билдиришкендей, жоокер учурда ооруканада. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты