Баткенде тоодон түшө албай калган балдар куткарылды

  • 3 недели мурун

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында кечээ, 20-апрелде күн чыгыш тараптагы тоодо 12 жаштагы А.А. аттуу бала бутун кокустатып, өз алдынча түшө албай калып жардам сураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдирүүсүнө караганда ал бала менен чогуу 3 бала болгон. Тартылган куткаруучулар түшө албай калган 3 өспүрүм балдарды тоодон алып түшүрүп, ата- энелерине өткөрүп беришти.

Балдарды тоодон түшүрүүгө 4 куткаруучу жардам берген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты