Баткенде мектеп директорун өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
- 3 года мурун
Баткен районундагы Бөжөй айылынын мектеп директорун өлтүрүүгө шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициядан билдиришкендей, 5-декабрда Айдаркен шаардык ооруканасына 43 жаштагы жаран бычакталган абалда түшкөн. Ал алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шектүү Баткен облустук милициясынын тергөө абагына камалган.
Муну бөлүшүү