Баткенде КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплекси ачылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-мартта, Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплекси ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.  

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Баткенге Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексин куруу демилгеленип, 2022-жылы пайдубалын түптөө үчүн мезгил кутусу салынган.

Бул заманбап медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппараты, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган.

Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 млн сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 млн сом сарпталган.

“Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, бул клиниканын негизги артыкчылыктарына: окуу менен практиканын айкалышы – студенттердин профессорлордун жетекчилиги астында туруктуу жумуш менен камсыз болушу, жергиликтүү тургундар медициналык эксперттер тарабынан жогорку деңгээлдеги кеп-кеңештерди алышы кирет” деп баса белгиледи президент.

Президент окуу жайдын жетекчилиги менен жамаатына өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, максаттуу иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар ал 96 орундук студенттик жатакананы курууну каржылаган чет элдик инвесторлорго, клиниканы курган курулушчуларга рахматын айтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты