Баткенде футбол комплексин курууга 1 миллиард сом бөлүнөрү айтылды

  • 1 год мурун

Мамлекет башчы Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачуу учурунда айткандыгы тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

«Мамлекет башчы облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды» деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты