Баткенде эки өспүрүм уруша кетип, бири экинчисин бычак менен сайган
- 1 месяц мурун
Баткен шаарынын тургуну, М.Ч.аттуу 16 жаштагы өспүрүм өзүнө тең чамалаш таанышы А.Д. менен 8-февралда саат 00.30дар чамасында жолугуп, уруша кетишкен. Андан кийин үйлөрүнө тарашкан. Таңкы 6лар чамасында экөө кайра Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде жолукканда, А.Д. ашкана бычагы менен М.Ч.ны сайып жиберген.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Окуя Баткен шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган. Баткен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 8-февраль күнү А. Д. аттуу өспүрүм ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Учурда жабырлануучу Баткен облустук ооруканасында дарыланууда, ден соолугу жакшы, абалы туруктуу.
Эскертилгендей, эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кетишкен.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан