Баткенде эки кенчи каза тапты. Бирөө аман-эсен куткарылды

Кечээ, 7-мартта, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылындагы “Баткен мунай» шахтасынан газ чыккандыгы, ал жакта үч жаран калганы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар бир кенчини аман-эсен куткарышты, каза болгон эки   кенчинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Кырсык катталган жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Тоодон куткаруу кызматынан 13 куткаруучу иштеген. Шахтанын 200 метр тереңдигинен каза болгон 2 кенчинин сөөгүн милиция кызматкерлерине, ал эми үчүнчү адамды тирүү чыгарышып, “Тез жардам” кызматына беришкен.

Ошондой эле аталган ЖЧК «Баткен мунай» шахтасынан иске ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканага кайрылышкан. Абалдары канааттандырарлык.

Мындан сырткары куткаруучулар шахтанын 40 метр тереңдигине тосмо орнотуп, туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишкен.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты