Ашууда бороондо калган жарандар куткарылды
- 1 месяц мурун
Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында 9-март күнү кар жаап, бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
«Жерине Кочкор районунан үч куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан үч жүктөгүч тартылган. Ошол күч-каражаттардын жардамында саат бүгүн, 10-мартта, саат 05:30да унаа жол кар күрткүдөн толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана эки Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар чыгарылып, өз багыттары менен кетишти» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ видеотасмасынан
Муну бөлүшүү