Баткенде айылга түшүп келген кыргый жаратылышка учурулду
- 4 недели мурун
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери айылга түшүп келген кыргыйды тиешелүү адистин кароосунан өткөрүп, кайра жаратылышка учурушту.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Министрлик билдиргендей, кыргый — күндүз аңчылыкка чыгуучу шумкар куш. Алар дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарына таралган жана ылдамдыгы менен аңчылыгы менен белгилүү. Ал негизинен тоолуу жана токойлуу аймактарда жашайт. Кыргызстанда бул куш сейрек кездешүүчү түр катары эсептелет.
Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү Кыргызстандын аймагында мыйзам менен тыюу салынганын эскертип, табиятты коргоо ар бир жарандын милдети экенин белгилейт.
Буга чейин Кемин районунун Боролдой айылына ак илбирс түшүп келген.
Сүрөт: mnr.gov.kg




