Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

  • 12 месяцев мурун

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту.  Жолугушуу бүгүн, 2-майда, Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү

Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйшарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо маселелери тууралуу сөз болду.  

Ошондой эле  учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу, сугат сууну пайдалануу, сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо, көпүрөөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери коюлду.  

Эки тараптуу комиссия үстүбүздөгү жылдын 4-майында Лейлек районунун Максат айылында жолугушуусу пландалды.

Сүрөт: Баткендеги өкүлдүн басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты