Баткен жана Ош облустарында жер титиреди

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-майда, саат 4:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Самаркандек айылынан 18 чакырым түштүк чыгышка, Рават айылынан 26 чакырым түштүк чыгышка, Лейлек районунун Лейлек айылынан 34 чакырым түштүк чыгышка карай белгиленди.

Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бул түнү саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты