Баткен шаарындагы май заводу мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
Баткен шаарында жайгашкан май заводун жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 24-февралда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «кылмыштардын бирдиктүү реестри» маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган уюм өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын моюнга алып, ыктыярдуу түрдө заводду мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




