Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
- 4 месяца мурун
10-июлдагы жаандан келген сел суулары үйлөргө, ички чарбалык жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сел кесепеттерин жоюуга бүгүн, 11-июль саат 6:00гө карата Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде ӨКМден 121 куткаруучу жана 7 мотопомпо, облустук кызматтар, ошондой эле тиешелүү техника тартылды.
Сел каптаган жерлерден тургундар эвакуацияланды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү