Баткен облусунун, Лейлек жана Сүлүктүнүн прокурорлору кызматтан алынды
- 2 года мурун
- Видео
Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматтан алынды.
Маалыматты башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов «Азаттыкка» ырастады.
Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлектеги жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыздыктар тууралуу айтып чыккан. 23-мартта башкы прокуратура Исаковдун материалы боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.
Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.
Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштурууда.
Сүрөттө: Нуркамал Набиев. Интернет булактарынан.