Баткен облусундагы газ запастары. Кыргыз геология кызматынын түшүндүрмөсү

  • 1 месяц мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда, анын ичинде «Кытайлык инвесторлор 500 млн кубометр газ запасын аныктады — Баткендеги кен жайы тууралуу эмне белгилүү» деген аталыштагы маалыматтарга байланыштуу маалымат таратты.

Расмий геологиялык маалыматтарга ылайык, Түндүк Риштан газ-мунай кен жайы Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай райондук борборунан 60 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кен 1954-жылдан тартып иштетилип, 1993-жылдын 1-январына карата дээрлик толук иштетилип бүткөн. Эксплуатация мезгилинде жалпы 46 скважина бургуланган.

Түштүк Риштан газ кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Фуркат станциясынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашып, 1989-жылы ачылган.

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан айрым кен жайларда көмүр суутек өндүрүү узак убакыт бою Өзбекстан тарабынан жүргүзүлүп келген. 2000-жылдын 15-июнундагы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык, Баткен облусунда жайгашкан Бурганды массивинин мунай жана газ кен жайлары АК «Өзбек нефтегаздобыча» ишканасынан «Кыргызнефтегаз» ишканасына өткөрүлүп берилген.

2008-жылдын 9-сентябрында  «Баткен нефтегаз» ишканасына Түндүк Риштан жана Түштүк Риштан участокторунда мунай жана газды иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна № 930 лицензия 2028-жылдын 9-сентябрына чейин берилген. 

Лицензияланган участоктун жалпы аянты 2 100 гектарды түзөт.

2019-жылдын 1-июлунда компанияга аталган кен жайлардын чегинде мунай жана газды иштетүүнүн техникалык долбоорун түзүү боюнча лицензиялык макулдашуу № 6 берилген. Рекультивациялык эсеп ААК «Оптима» банкта  ачылган.

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын 2024-жылдын 25-декабрындагы № 79-Н-2024 протоколу менен кабыл алынган чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде № 930 лицензиясы жокко чыгарылган.

2025-жылдын 1-январына карата Түндүк Риштан кен жайынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген запастары төмөнкүдөй:  мунай — 654,42 миң тонна (геологиялык), 20,38 миң тонна (алынуучу), мунайда эриген газ — 68,62 млн м³ (геологиялык), 56,61 млн м³ (алынуучу),  эркин газ — 44,17 млн м³ (геологиялык), 36,44 млн м³ (алынуучу).

Түштүк Риштан кен жайындагы эркин газдын запастары 2025-жылдын 1-январына карата 1 916,02 млн м³ (геологиялык) жана 356,86 млн м³ (алынуучу) деп бааланган.

Кыргыз геологиялык кызматы пайдалуу кендердин запастары боюнча расмий маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине жана бекитилген геологиялык материалдарга гана негизделип түзүлөрүн белгилейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты