Баткен облусунда жер титиреди

  • 1 год мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 29-мартта, саат 11:22де Тажикстанда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты