Баткен облусуна 1053 тонна гумжардам жеткирилди  

  • 2 года мурун

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан жеткирилди. Учурда кампада 188,95 тонна  гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардам 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты