Баткен облИИБ башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин киши колдуу болгону айтылууда

  • 2 года мурун

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды.

Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми “Азаттык” үналгысы өздүк  булактарына таянып, Аскарали Мухамадиевдин киши колдуу болгону айтылып жатканын маалымдады. Маалыматка ылайык, аны бычактап кетишкен.

Баткен ИИБ маалыматында айтылгандай, Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрелде Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ички иштер органдарына 26 жашында, 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген. Аскарали Мухамадиев Президенттин, ИИМ сыйлыктары менен сыйланган.

Сүрөт: Баткен ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты