Баткен: капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген

  • 2 года мурун

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштери үчүн «жумуштар аткарылды» деген негизде жеке жактарга 12 480 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которгону аныкталган.

Анын ичинен Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен облустук медиа борборунун административдик имараты үчүн 11 414 987 сом, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 065 212 сом негизсиз которулган.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты