Баткен: Көк-Ташта активист футбол турнирин өткөрүүгө салым кошууга чакырды

2-августта Баткендин чек арага чектеш Көк-Таш айылында 3-жолку аялдар арасындагы футбол турнири өтөт.

Турнирдин юштуруучусу, активист жана укук коргоочу Гази Бабаярованын Инстаграммдагы баракчасына шилетеме берип, бул тууралуу Клооп басылмасы жазды.

Укук коргоочу Гази Бабарова турнирди өткөрүүгө салым кошууга чакырды.

«Быйыл турнирди жылдагыдан күчтүүрөк кылайын деп жатабыз. Аялдарга атайын формаларды жана бут кийим сатып берип, тамак-аш уюштурууга мүмкүнчүлүк болуп калса дегенбиз. Эгер колуңуздардан келсе жардам бериңиздер. Рахмат!» деди ал.

Бабаярова бул саамалыкты төрт жылдан бери өткөрүп келет. Ал муну чек арада жашаган түйшүгү көп аялдарды колдоо максатында ишке ашырууда.

Быйылкы турнирге көкташтык айымдар машыгууну баштап, даярдык кызуу жүрүп жатат.

Иш-чарага төмөнкү реквизиттер аркылуу салымыңызды кошсоңуз болот:

Mbusiness: 1032020000142364

Mbank: 0222 163 626

PayPal: [email protected]

Чек арага чектеш айылдардын жашоочулары ар дайым чыңалууда жашашат. Буга чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам келип чыккан байма-бай кагылышуулар себеп.

Сүрөт: 2022-жылы өткөн турнир. «Убада Баткен»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты