Баткен: Айыл аймак башчысы 100 миң$ пара талап кылууга шектелип кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке турак-жай куруу үчүн жергиликтүү калкка жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады.
УКМК басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, айрым кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке курулушка жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин оң чечкени үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 14-декабрында 6600 АКШ доллары өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан учурда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. кармалды Алынган далилдердин негизинде Д.Ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы