Башкы прокурор Зулушев “Көк бөрү” ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды

  • 9 месяцев мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев эл аралык «Көк Бөрү” ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды.

Мындай чечим бүгүн, 13-августта, Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык «Көк бөрү» ассоциациясын конгрессинде кабыл алынды. Конгресске 9 мамлекеттин 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында “Көк Бөрү” федерациясы эл аралык ассоциациясы болуп түзүлдү. Ассоциацянын вице-президенттери болуп Казахстандын “Жаппай Көк пар” федерациясынын президенти Дирманов Гани, Өзбекстандан “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Адхамов Равшанбек жана Россиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” ат оюндар федерациясынын президенти Тузачинов Эркин шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эл аралык “Көк Бөрү” федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) эл аралык “Көк Бөрү” ассоциациясынын “ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты