УКМК төрагасы Шабданбеков ММА ассоциациясынын президенти болуп шайланды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Бүгүн, 17-апрелде, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин төрагалыгы алдында аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациянын, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышты..

Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанда аралаш күжүрмөн күрөш ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынды. Ассоциациянын негизги максаты — федерациялардын күч-аракетин бириктирүү, ММА тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүү жана өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдөө.

Ассоциация мелдештерди өткөрүү багытындагы ишмердүүлүктү координациялап, мүмкүн болгон талаш-тартыштарды алдын алып, аралаш мушташ өнөрлөрүнүн өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде өнүгүшүн камсыздайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ММА боюнча мелдештерди өткөрүү Спорт агенттик жана Ассоциация менен милдеттүү түрдө макулдашуу аркылуу ишке ашырылары белгиленди.

Ассоциациянын президенти болуп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков шайланды.

Ассоциациянын вице-президенттери болуп төмөнкүлөр шайланды:

Руслан Кыдырмышев — WEF GLOBAL MMA Кыргызстан федерациясынын президенти;

Бабур Төлбаев — GAMMA MMA федерациясынын президенти;

Абдирашид Жолчубаев — кулатуу күрөшү боюнча Улуттук федерациясынын президенти;

Ырыскелди Нарбаев — IMMAF Кыргызстан федерациясынын президенти.

Ассоциациянын башкы катчысы болуп, улуттук кулатуу күрөшү боюнча федерациясынын башкы машыктыруучусу Эмил Токтогонов дайындалды.

Сүрөттө: Жумгалбек Шабданбеков. Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты