Башкы прокурор «Азаттык», Болот Назаров, Кемпир-Абад иши, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу суроолорго жооп берди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Башкы прокурор "Азаттык", Болот Назаров, Кемпир-Абад иши, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу суроолорго жооп берди

Алгач эле ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко кайрылышынын мыйзамдуулугу боюнча суроо берилди. Ал прокуратурага мыйзамсыздык боюнча кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. «Аталган сот иштери боюнча прокуратура тарап катары катышкан жок. Эгерде мыйзамсыздык боюнча кайрылуу түшсө карап, баа беребиз», — деди Зулушев.

Башкы прокурор "Азаттык", Болот Назаров, Кемпир-Абад иши, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу суроолорго жооп берди

Башкы прокурор Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар тууралуу суроого жооп берди. «Кемпир-Абад иши боюнча деп коомчулукта аталып калды. Бирок бул козголгон кылмыш иши башка мааниде. Күнөөлүү деп шектелип жаткандардын бардыгынын тергөөсү жүрүп жатат. Прокурорлор баш коргоо чарасы боюнча гана сотко катышып жатышат. Сотто алардын күнөөсү каралып жаткан жок. Биз тергөөгө басым жасай албайбыз. Шектүүлөрдүн бардыгы тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тарткан», — деди ал.

Маалымат жыйында Курманкул Зулушевге прокурор төкмө акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранганы боюнча дагы суроо берилди.

«Болот Назаровго кылмыш иш козголгонун билесиздер, тергөө аяктап, иш сотко жеткен. Сотко катышкан прокурорго басым болбойт. Анткени ишти прокурор өзү жакшы билет», — деп жооп берди башкы прокурор.

Башкы прокурор "Азаттык", Болот Назаров, Кемпир-Абад иши, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу суроолорго жооп берди

Мындан тышкары, башкы прокурорго мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштери боюнча суроого жооп берди.

«Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыштын белгилери бар деп кылмыш ишин козгогонбуз. Козголгон кылмыш далилденет, сотко жетет деген ишенич болбойт да. Бизде кылмыштын белгилери бар экени билинсе кылмыш иш козгойбуз. Иштердин баарын ИИМге өткөрүп бергенбиз. Алар тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыштын курамы жок деген чечим кабыл алышты. Биз ошого макул болдук. Бейшеналиев укугу бузулганы боюнча арыз менен кайрылса карап чыгабыз», — дейт Зулушев.

Башкы прокурор "Азаттык", Болот Назаров, Кемпир-Абад иши, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу суроолорго жооп берди

Башкы прокурор былтыркы жылы сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча ачылган кылмыш иштери тууралуу суроого жооп берди. «Башкы прокуратурада атайын тергөө тобу түзүлүп, окуяга күбө болгон Кыргызстандын жарандары сурамжыланды. Бардык фактылар катталып, чыгымдын суммасы эсептелди. Тиешелүү бизге суракка алууга мүмкүн болгон жарандардын баары суралган. Бирок күнөөлүү тараптар башка өлкөнүн жараны болгондуктан, бүгүнкү күндө аларды жоопко тартуу чоң маселе жаратат», — деди ал.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты