Башкы прокуратуранын маңдайында 65 жаштагы киши өзүнө өрт койду

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-мартта Башкы прокуратуранын маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда славян түспөлүндөгү адам өзүн-өзү өрттөгөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн өрттөгөн адам 65 жаштагы Ф.И. экени аныкталган. Буга Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү ага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону негиз болгон. Кылмыш иши тергелип бүтүп, райондук сотко өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында белгисиз адам өзүнө өрт койгону тууралуу видео тарады. Ал жердеги адамдар өрттү өчүрүп жетишишкен. Адамдын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты