Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу мыйзам долбоору талкууга коюлду
- 1 год мурун
Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлду.
Анда долбоор прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.
2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.
Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар.