Башкы прокуратура: “Бөлүм башчы казиного барган деген чындыкка дал келбейт, барса 762 миң долларды кайтарып бермек эмес”

Башкы прокуратура бөлүм башчы 700 миңден ашуун АКШ доллар болгон далил акчаны казиного уттуруп койгон деген маалыматтарга жооп берди.

Маалыматта мындай деп айтылат:

«Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы 762 500 АКШ доллар акча каражаты жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Р.Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу. Бирок, апта башында Р.Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган.

Р.Абдырасулов акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган.

Эртеси Р.Абдырасуловдун жакындары 762 500 АКШ долларын алып келип, тергөөгө өткөрүп берген».

Ошондой эле Башкы прокуратура Кыргызстанда кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары кардар боло албасын белгиледи.

«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык, КР жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт. Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Р.Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес. Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, Рустам Абдырасулов камакта.» деп билдирди Башкы прокуратура.

Буга чейин маалыматтарда да айтылгандай, Башкы прокуратурасы тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 млрд. 478 млн. рубль акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 млн. АКШ доллары өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда россиялык ишкерлерге кайтарылган.

Бүгүн, 28-сентябрда, депутат Медер Алиев парламенттин жалпы жыйынында Башкы прокуратура кызматкери букмекер кеңсесине далил катары алынган акча каражатын уттуруп жибергени ЖМКда жарыяланганы жана укуктук өлкөдө мындай фактыга тезинен реакция болушу керектигин, буга карата башкы прокурордун жообу кандай болору тууралуу маселе көтөрдү.

-Бул эң орчундуу, келишкис окуя,  укуктук өлкөдө мындай болбошу керек. Укуктук өлкөдө башкармалык башчысы, аны тескеген башкы прокурордун орун басары тезинен отставкага кетиши керек эле. Башкы прокурордун өзү жообун бериши керек эле. Башкы прокуратурага баарыбыз кайрылабыз, райондук, шаардык прокуратурада же облуста эмес, башкы прокуратурада ушундай окуя болуп жатса, анда сөз жок!-деди депутат Медер Алиев.

Жакында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына шилтеме берүү менен, Башкы прокуратуранын кызматкери 700 миң доллар далил катары алынган акча каражатын кумар оюндарына салып, ал акчаны уттуруп жибергендиги тууралуу жазып чыгышкан. Бул окуя август айында эле болгону жана жашырылып коюлганы айтылат. Ал эми жакында мамлекеттик мүлктү ысырапка учураткан башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдрасулов кармалганы белгилүү болгон. Маалыматтарда 700 миң доллар далил акчаны кумар оюндарда уттургандыгы айтылган башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдырасулов экендиги белгиленет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты