«Башкы прокуратура кызматкери букмекерден мамлекеттин ири акчасын уттурганын окудук”. Башкы прокурордун жообу кандай болот?  

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 28-сентябрда, депутат Медер Алиев парламенттин жалпы жыйынында башкы прокуратура кызматкери букмекер кеңсесине далил катары алынган акча каражатын уттуруп жибергени ЖМКда жарыяланганы жана укуктук өлкөдө мындай фактыга тезинен реакция болушу керектигин, буга карата башкы прокурордун жообу кандай болору тууралуу маселе көтөрдү.   

Депутат Медер Алиев башкы прокуратура ЖМКдан башкы прокуратура кызматкери мыйзамсыз түрдө далил катары алынган акча каражаттарын пайдаланып, букмекер ставкасына коюп, андан утулуп калганын окудук деп билдирди.

-Бул эң орчундуу, келишкис окуя,  укуктук өлкөдө мындай болбошу керек. Укуктук өлкөдө башкармалык башчысы, аны тескеген башкы прокурордун орун басары тезинен отставкага кетиши керек эле. Башкы прокурордун өзү жообун бериши керек эле. Башкы прокуратурага баарыбыз кайрылабыз, райондук, шаардык прокуратурада же облуста эмес, Башкы прокуратурада ушундай окуя болуп жатса, анда сөз жок!-деди депутат Медер Алиев.

Жакында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына шилтеме берүү менен, Башкы прокуратуранын кызматкери 700 миң АКШ доллары болгон далил катары алынган акча каражатын кумар оюндарына салып, ал акчаны уттуруп жибергендиги тууралуу жазып чыгышкан. Бул окуя август айында эле болгону жана жашырылып коюлганы айтылат. Ал эми жакында мамлекеттик мүлктү ысырапка учураткан башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдырасулов кармалганы белгилүү болгон. Маалыматтарда 700 миң доллар далил акчаны кумар оюндарда уттурган башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдырасулов экендиги белгиленет.

Сүрөттө: Депутат Медер Алиев. kenesh.kg

                    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты