Башкы прокуратура «Ала-Арча» резиденциясындагы иш-чарадагы өлкө картасы боюнча билдирүү таратты  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-ноябрда, прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөбүздүн картасынын сүрөтүндөгү Ворух анклавы Кыргызстандын аймагынан тышкары болуп калган  баннер боюнча башкы прокуратура билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы тарабынан жеке ишканага баннер жасоого буюртма берилген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт” деди Башкы прокуратура билдирүүдө.

Ошондой эле  бащкы көзөмөл органы өлкөнүн бүтүндүгүн баарынан жогору койгон жарандарга ыраазылык билдирди.  

-Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат, -деди башкы прокуратура.

Айта кетсек, бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарада өлкөнүн электрондук картасынын сүрөтү илинип, анда Кыргызстандын аймагында жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавы, Кыргызстандан бөлүнүп көрсөтүлгөндөгү  скриншот социалдык тармактарда пайда болгон. Скриншот Ютуб каналындагы видеодон болушу мүмкүн, бирок ал видео кийин өчүрүлүп коюлган.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты