Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөртүү фактысы аныкталды
- 11 месяцев мурун
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Барскоон айыл аймагынын №15 контурунда Барскоон суусунун Ысык-Көлгө кошулган куймасынын нугун мыйзамсыз өзгөрткөн учур катталды. Андан Мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, ал аймак суу коргоочу зонага кирет жана аянты 1600 м²ди түзөт.
Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде мамлекетке төмөнкүдөй зыян келтирилген:
жер кыртышына келтирилген зыян – 1 568 980 сом;
өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян (чычырканак токоюн жок кылуу) – 941 103,36 сом. Жалпы зыяндын көлөмү 2 510 083,36 сомду түздү.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №115 “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, чычырканак бадалдары жана башка өсүмдүктөр корголуучу объекттер болуп саналат жана аларды кыюуга, түбү менен казып алууга тыюу салынат.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган иш-кагаздар укук коргоо органдарына мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.
Сүрөт: mnr.gov.kg




