Балыкчыда катуу шамал көп кабат үйдүн жылуулаткыч темирлерин учуруп кетти  

  • 2 месяца мурун

26-май күнү Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундуна 24-28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кеткен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Балыкчы шаардык N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Ошондой эле катуу шамалдан Жети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры 1 метр аралыкка жылып кеткен.

Адамдар жабыркаган эмес экендиги айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты