Балыкчыда үй ээси иске ууланып көз жумду     

  • 2 года мурун

21-ноябрда таңкы саат 06:00 чамасында Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен улам 50 жаштагы киши каза тапты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, 08:50дө өчүрүлгөн.

Каза болгон 1972-жылы туулган М.Н.В аттуу адам үйдүн ээси болгон. Алдын ала маалымат боюнча ал жалгыз жашаган.

Өрттүн жалпы аянты 64 чарчы метрди түзүп, үйдүн чатыры жана үй оокаттары күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты