Туристке орой мамиле кылган темир жол кызматкери жумуштан бошотулду

  • 5 месяцев мурун

«Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызматкери Максат Рахматовго чет элдик туристке орой мамиле жасагандыгы үчүн катуу сөгүш берилип, кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу “Кыргызтемир жолу “ маалымдады.

“2025-жылдын 8-августунда Бишкек-Балыкчы поездинде коштоочу Максат Рахматов чет элдик жүргүнчүгө кызматтык этиканы сактабай, орой мамиле кылгандыгы үчүн тартиптик жаза катуу сөгүш берилди жана кызматынан бошотулду” деп айтылат маалыматта.

Анын чет  элдик жүргүнчүгө орой мамиле кылган видеосу Интернетте тарады..

Саякатчы блогер Ысык-Көлгө поезд менен бара жатып, видео тарткысы келгенин, бирок коштоочу кызматкер аны ордуна отуруусун талап кылганын, орой мамилесин, расизмге туш болгонун айтып чыкты.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты