Депутаттар темир жолдогу жаңыланган вагондорду көрдү  

  • 1 неделя мурун

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Жогоку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, комитет төрагасы Мурадил Сыдыков баштаган депутаттар Бактыбек Сыдыков, Талант Мамытов, Медербек Саккараев жана Бактыбек Чойбеков «Бишкек 2 – Балыкчы» темир жол каттамы аркылуу жаңыланган вагондо жүргүнчүлөр менен бирге барып, оңдоо иштеринин сапатына күбө болушту.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы быйыл дагы 2 вагонду модернизациялап, жалпысынан заманбап алты вагон каттамга коюлган. Маалыматка ылайык 2024-жылы ишкана 9 200,2 миң тонна жүк жана 271 600 жүргүнчү ташыган. Быйыл алгачкы жолу «Балыкчы пляж» аялдамасы ишке берилип, жүргүнчүлөр поезд менен пляжга чейин түз жетишет. Бул туристтер үчүн кошумча ыңгайлуулукту камсыз кылат.

Депутаттар темир жолдогу жаңыланган вагондорду көрдү  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты