Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-июнда, Балыкчы шаарынын” Соң-Көл” кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн  батиринен өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2 чоң киши, 4 жаш бала атайын куткаруучу альпинисттик шаймандын жардамы менен батирдин балконунан көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгарылып, куткарылган.

Өрт саат 11:38 де курчоого алынып, 11:52 де толук өчүрүлгөн.

Жалпы 2 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты