Балыкчы-Кочкор темир жол курулушу башталды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ага катышып,  Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы темир жол түйүнүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

»Советтер союзу таркагандан кийин, Кыргызстан эгемендикке ээ болуп, кыргыз темир жолу мекемеси түзүлгөндөн тарта бир дагы километр жаңы темир жол курулган эмес.

Андыктан баарыңыздарды бүгүнкү темир жол тармагынын өнүгүшүндө жаңы багыт, жаңы саамалык, чоң кубаныч менен куттуктайм.

»Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.  Бул долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы биз сөз кылып, курулушун баштайбыз деп турган узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу болуп саналат» деди Президент.

Бүгүнкү күндө Кара-Кече кенинен казылган көмүр автотранспорт менен Балыкчыдагы станцияга жеткирилет. Андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү жактарга  ташылат. Автотранспорт менен ташууда көмүрдүн баасы бир кыйла өсүп кетет. Ага кошумча Кара-Кечеден каттаган жүк ташуучу унаалар  жолдорду бузууда. 

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты