Бишкек-Балыкчы поезди каттай баштайт
- 1 месяц мурун
Бишкек–Балыкчы багытындагы жайкы жүргүнчү поезди 6-июндан тарта каттай баштайт. Бул каттамдын өзгөчөлүгү — Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна чейин улантылмакчы.
Бул тууралуу Кыргыз темир жолу билдирди.
Поезддин каттамы 2025-жылдын 6-июнунан башталат. 6-июндан 6-июлга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:45те Бишкек-2 борбордук темир жол вокзалынан жөнөп, саат 12:16да Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет. 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.
Поезддин курамында шарттары жакшыртылган алты вагон бар. Алар панорамалык терезе, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, мультимедиа системалар, акысыз Wi-Fi, электрондук жабдыктарды кубаттоочу уячалар жана буфет кызматы менен камсыздалган.
Билет баасы:
Жөнөкөй вагон:
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 73 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 150 сом.
Люкс вагону:
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 250 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 500 сом.
VIP вагону:
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 400 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 800 сом.
VIP-купе вагону:
• Баасы — 6000 сом бир купе үчүн;
• Купеде 6 адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет;
• Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.
Кол жүгү акысыз ташылат.
Толук маалымат:
• сайт: railway.kg
• телефон: 0 312 30 02 09, 0 700 07 66 96 (WhatsApp жана Telegram)
Сүрөт: Кыргыз темир жолу