Шаар четиндеги поезддер 10-ноябрдан тартып жаңы график боюнча жүрөт

  • 7 дней мурун

Борбордогу транспорттук тыгынды жана жакын жайгашкан калктуу пункттардын тургундарынын муктаждыктарын талдоонун негизинде жаңы жүрүү графиги иштелип чыкты.  Бул тууралуу Кыргыз темир жолу ишканасы билдирди.  

Күн сайын шаар сыртынан Бишкекке жумушка же окууга каттаган жүргүнчүлөр жумуш убактысы башталганга чейин шаарга өз убагында жетип, кечки саат 18:00дөн кийин үйлөрүнө кетиши үчүн таңкы жана кечки графикке өзгөчө көңүл бурулду.

1.«Бишкек – Кайыңды – Бишкек» каттамынын поезди Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан “Бишкек-2” темир жол  бекетинен саат 18:40та жөнөп, Кайыңды бекетине саат 20:57де келет.

Ал эми Кайыңдыдан саат 6:00дө чыгып, Бишкек-2  бекетине саат 8:20да келет.

Жол жүрүү убактысы: 2 саат 20 мүнөттү түзөт, 14 токтоочу пункт бар.

2. Бишкек – Токмок – Бишкек» каттамынын поезди Бишкек шаарынан Лев Толстой көчөсү, 65Б дарегинде жайгашкан «Бишкек-1» темир жол бекетинен  саат 18:22де, Токмок бекетине  саат 20:28де жетет.

Ал эми  Токмоктон саат 06:30да чыгып, «Бишкек-1» ге саат 08:35те келет. Жолдогу убактысы: 2 саат 10 мүнөт, 13 токтоочу пункт бар.

Поезддердин расписаниеси бул шилтемеде.

Сүрөт: railway.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты