Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

  • 2 года мурун

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу  боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы саналат.

Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.

“Балыкчы — Кочкор -Кара- Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы болуп, узундугу 63 км болгон “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу пландалууда.

Учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты