Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: Бир катар жооптуу адамдарга сөгүш берилди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 29-декабрда, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү. Анда транспорт министри бир катар жооптуу адамдарга сөгүш жарыялады.
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаевге, Жол чарба департаментинин директору Камилжан Абдыкалыковго, «Кыргыз жолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасынын директору Таалайбек Ашымбековго, директордун орун басары Кубанычбек Ормоновго сөгүш берилди.
Буга чейин Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун келишимдин шарттары аткарылбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөтүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы, жолдун өз убагында бөтпөй калышы боюнча «Кыргыз жол курулуш» жана «Ис-Саби Холдинг» компаниларынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев камакка алынган.
Сүрөт: Кыргыз жолкурулуш




