Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу бир тараптуу ачылды
- 12 месяцев мурун
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолундагы кыймыл толук калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, селден жабыркаган жолдун 97-чакырымындагы бөлүгү толук калыбына келтирилип, унаа каттамы кайра жанданды. Жерине дароо жол тейлөө кызматтары жана атайын техникалар жөнөтүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин нөшөрлөгөн жамгырдан улам аталган жолдун 97–123-чакырым аралыгында сел жүрүп, кыймыл убактылуу токтотулган.
Муну бөлүшүү




