Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун сел суусу каптады
- 1 год мурун
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 9-июлда, болжол менен саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Жол каттамы убактылуу жабык.
Жерине Тоң районунан ыкчам топ жана «Арек-Строй» жол куруучу компаниясынын техникалары тартылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




