Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолу ачылды

  • 1 год мурун

Айланма жол толугу менен калыбына келтирилип, саат 12:45те унаа жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

«Арек строй» фирмасынан 3 жүктөгүч, 3 Хово жана экскаватор тартылган.

Буга чейин айтылгандай, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бүгүн, 9-июлда, болжол менен саат 10:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы- Бөкөнбаев- Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго салынган темир бетон шакекчелерди жууп кетип жол каттамы убактылуу жабылган болчу.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз борбору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты