Балык улоого чыккан экөө дайынсыз болууда

  • 2 года мурун

16-декабрда саат 14:30 чамасында Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургундары М.Ю.М (1948- жылы туулган) жана А.А.А (1965- жылы туулган) балык улоого чыгып дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакка Тоң районунан 7 куткаруучу,  райондук ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 киши тартылган. Алар саат 18:00 гө чейин издешкен, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн издөө иштери улантылып жаткандыгы кабарланды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты