Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков менен 3-августтагы жолгушууда балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселесин талкуулашты.

Алар ювеналдык юстицияга тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди козгошту. Атап айтканда, 2007-жылдын 23-ноябрында Гаага сотунда кабыл алынган балдар үчүн алимент өндүрүү жана үй-бүлөнү багуунун башка формаларынын эл аралык тартиби жөнүндө Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусунун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселе көтөрүлдү.

Бул Конвенция чет өлкөлөрдө балдарга алимент өндүрүү жана үй-бүлөнү колдоонун башка түрлөрүн натыйжалуу колдоого багытталган.

Анда конвенцияга катышкан мамлекеттердин тийиштүү органдарынын ортосунда кызматташуунун комплекстүү системасын түзүү, бул багытта чечимдерди кабыл алууда суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгүн жаратуу, алиментти өндүрүү жөнүндө чечимдерди таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндө өтүнүчтөр каралган.

 Асел Чынбаева  өз сөзүндө зомбулук, анын ичинде жашы жете элек балдарга карата сексуалдык зомбулук фактылары боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Соттук коргоо баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу жана артыкчылыктуу коргоону камсыз кылуунун маанилүү кепилдиктеринин бири» деп Замирбек Базарбаев өз сөзүндө белгиледи.

 Жолугушуунун жүрүшүндө балдардын таламдарын козгогон иштер боюнча сот, талаш- тартышты төмөндөгү принциптердин негизинде чечүү тууралуу сөз болду:

  • Баланын пикирин эске алуу;
  • Ошону менен бирге кызыкчылыктарын камсыздоо максатында баланын укуктары менен таламдарынын артыкчылыктуулугун таануу.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты