Балдарды коштоп жүрүүгө соцкызматкерлердин 550 штатын киргизүү жарлыгына кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

Жаңы кызматкерлердин милдети — турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоо жана коргоо болуп саналат.

1-февралдан тартып аймактарда иштей турган жана колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты