Балдар үчүн майрамдык иш-чарадагы кемчиликтер: Вице-мэр жана бир катар кызматкерлер жаза тартты
- 1 неделя мурун
Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнда Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чара учурунда орун алган кемчиликтерге байланыштуу, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш жарыяланды. Ал эми маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чараны музыкалык коштоодо кеткен кемчиликтер, тактап айтканда, майрамдын форматына жана тематикасына туура келбеген музыкалык чыгармалардын жаңырганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге тартиптик чара көрүлдү. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш жарыяланды, ал эми маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.
Иш-чарада диджей катары өнөр көрсөткөн Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылып, ошондой эле ага карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. Муну менен катар, аталган кыз даярдаган музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да кызматтан бошотуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары, бул мыйзам бузууга жол берген түздөн-түз аткаруучулар жана башка кызмат адамдары аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
1-июнда бадар үчүн уюштурулган иш-чарасында сөгүнгөн сөздөр аралашкан музыка жаңырып турганы социалдык тармактарда жазылып, коомчулуктун нааразылыгын туудурган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




