Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт
- 1 месяц мурун
Бишкекте 17-майда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда (“Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында) балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурулууда.
Жарманкеде дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн алып келинген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, улуттук даамдар менен суусундуктар коюлуп, аларды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Анда сатылган товарлардан түшкөн каражат кайрымдуулук үчүн жумшалат.
Архивдик сүрөт.
Муну бөлүшүү