Балага сүйүнчү: 14 346 балага төлөндү
- 2 месяца мурун
«Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмгө 2025-жылдын 1-февралына карата 14 346 балага 57 миң 522 сом каржыланды, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилди.
Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2024-жылдын 1- февралына карата 14 835 балага 59 миң 477 сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөндү.
Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
— бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң миң сом өлчөмүндө төлөнөт;
— “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
— “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
— акча каражаты арыз берилген күндөн 2 жумуш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан